www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Урматтуу апалар! Сиздерди “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын атынан Энелер күнү менен куттуктайм!

Элибиз илгертен эне наркын бийик кармап, үй-бүлө куту, очок ээси катары барктап келген. Энелер ата-бабаларыбыздан калган улуу дөөлөттөрүбүздү, наркыбызды, каада-салттарыбызды бекем сактап, эне сүтү, мээрими аркылуу урпактарга өткөрүп келгени менен ыйык деп эсептелет.

Мындан улам эненин ак сүтүн актоо, алпештеп багуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Элибиздин тарыхындагы оор учурларда энелердин мээрими, алпейимдиги жана акылмандыгы менен чечилген көйгөйлөр өтө көп болгон. Аялзаты, дегеле апалар үчүн кандай гана кырдаал болбосун, уул-кыздары, алардын жакшы жашоосу үчүн ар тараптан камкордук көрүшүбүз зарыл.

Кадырман энелер, ардактуу апалар! Сиздерге бекем ден соолук, жаркын маанай, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! "Бейиш эненин таман алдында" деп айтылат эмеспи, ар бириңиздер үйдүн төрүнүн көркү болуп, бакубат жашаңыздар. Элибизде барчылык, жерибизде тынчтык өкүм сүрүп, мамлекетибизде эне мээримине бөлөнгөн балдардын күлкү-шаңы дайыма жаңырып турсун!"

Урматым менен Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости