www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдаганын «Азаттык» радиосу жазып чыкты. Маалыматка таянсак, 2017-жылдын март айына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд 160 долларды түзүп, жаңы рекорддук чекке жеткен. Жыл башынан бери карыз 155 млн долларга көбөйгөн.

Мамлекеттик карыздын ичинен тышкы карыз 3 млрд 803 млн доллар, ал эми ички карыз 356,8 млн доллар.

Кыргызстан карыздар болгон уюмдардын башында Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы турат. Аталган банктан 1,54 млрд доллар карыз алынган. Бул тышкы карыздын 40,6% түзөт.

2016-жылы мамлекеттик карыз өлкөнүн ички дүң продукциясынын 57,7% түзгөн. Өткөн жылы Кыргызстан мамлекеттик карыздан кутулуу үчүн 20,7 млрд сом сарптаган.

 

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости