www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Бакыт Төрөбаев Орусиядагы кыргыздардын парламентти легитимсиз деп атап митингге чыкканы тууралуу оюн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Биз башкаруу формасын аныктабай Конституцияга кетип калдык. Бир жолу, 30 жылда башкаруу формасын элге коёлу. Азыр Конституция боюнча кеңешме иштеп жатат.
Конституциялык кеңешме эки Баш мыйзам жазсын. Бири парламенттик башкаруу боюнча, экинчиси президенттик башкаруу боюнча.
Парламент легитимдүү. Өмүрбек Текебаев жазган Конституцияда так жазылып турат жаңы парламент келгенче биздин ыйгарым укуктар күчүндө. Орусияда 5 адам чыгып алып, парламентти легитимсиз деп жатат. 5 адам ал элби? Бул жерде 6 миллион элибиз бар», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg