www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Тарыхта мындай болгон эмес. Бүткүл дүйнө боюнча кыргыздар бүгүнкү парламентти легитимсиз деп жатат. Парламенттин жетекчиси Москвага барганда ал жакта кыргыздар бизди мыйзамсыз деп сыйлабагандыгын билдирип, пикетке чыкты.
Мындай мурун болгон эмес. Биз өзүбүзгө так ушундай мамилеге позициябыз, жасаган ишибиз менен татыктуу болобуз. Ошондуктан, мен маселелерди жоопкерчилик менен кароого сунуш кылат элем», – деп билдирди бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев.
«Биз референдумду дайындоо боюнча мыйзамды кабыл алдык, бирок бул мыйзам өткөн жок. Мен санап турдум. Процедураларду бузуу жолу менен кетти. Кийин бул мыйзамды референдумдун жыйынтыгы мыйзамсыз деп аткарбай койгонго толук негиз бар.
Эмне үчүн? Бул мыйзам бюджеттен каражатты талап кылат. Конституциянын 80-беренеси боюнча, мындай мыйзам долбоору өкмөттөн тыянак же финансылоо каражатын таап, өкмөттүн макулдугу берилгенден кийин гана каралышы керек.
Андай кагазды эч кимиңер көрсөтө албайсыңар. Канча акча кетет, өкмөттүн макулдугу барбы деп сурап койгон адам жок», - деди ал.
Депутаттын айтымында, мыйзам долбоорунун өзү да түшүнүксүз.
«Мыйзам долбоорунда мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн референдум өткөрүү жөнүндө сөз болот. Мамлекеттик түзүлүштүн 3 эле түрү: унитардык, федералдык жана конфедеративдик бар.
Биз эмне федерация болгону жатабызбы? Биз эмне конфедерация болуп тарап кеткени жатабызбы?
Кашаанын ичине башкаруу формасын аныктоо деп жазып коюшуптур. «Управление» менен «правление» дегендин айырмасы бар. «Правление» – бийик. «Управление» – мамлекеттик аткаруу бийликтеринин өкмөт, парламент койгон тапшырманы аткаруу иш-аракеттери, ошону уюштуруунун жолдору.
Жол белгилери да башкаруу формасына кирет экен. Президенттик жана парламенттик деген башкаруу формасы жок. Мындай референдумду эч ким тааныбайт», – деди ал.
Ошондой эле Өмүрбек Текебаев референдумга добуш берүүдө «баарына каршы» деген графасын киргизүү керек деп эсептейт.
«Урматтуу депутаттар кеп президенттик же парламенттик башкарууда эмес, кеп өзүбүздө. Президент боло турган адамдын мыйзамда жазылбаган каалоолорун ишке ашырганга шашабыз.
Садыр Жапаров түрмөдө жатып айыл өкмөттү президент дайындаш керек деп кат жазган. Мыйзамда көрсөтүлбөгөн менен ниетине жараша болот. Түшүнүк, ниет менен башкарылып жатат.
Шопур, жан сакчылар Жогорку Кеңештин ишине аралашкан учурлар болгон. Элдин арасында 1993-жылкы Конституцияга келели деген чоң кыймыл бар. Бул аралаш система. Элдин оюн эске алып жатсак, эмнеге аны киргизбейбиз?», – деди Текебаев.
Булак: NazarNews.kg