www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-декабрда ЖКнын депутаттары кезектеги жыйынга чогулду.
Анда Дастан Бекешев Жогорку Кеңеш референдум тууралуу мыйзамды кабыл ала албай турганын айтты.
«Конституциялык палатанын чечиминде «Мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңеш мамлекеттин тагдырына тиешелүү саясий маселелерди карап, чечим чыгарууга укуксуз” деп жазылып турат. Парламент бюджет жана башка социалдык экономикалык маселелерди кароого укуктуу.
Референдум, бийликти бир адамдын колуна берүү – саясий маселе. Ошондуктан, Референдум тууралуу мыйзамды экинчи окуудан кароодо ушул маселени дагы карап көргүлө», – деди ал.
Эске салсак, 3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап, жыйындын соңунда кворум болбой калгандыктан добуш берилген эмес.
Булак: NazarNews.kg