www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаштар айрым саясатчылардын сөздөрүнө ишенип, митингдерге чыгып курал болбосун. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев бүгүн, 2-июнда парламентте жаштар менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. 

Эл өкүлү азыркы кезде өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу митингдерге жаштарды тартуу аракети кызуу жүрүп жатканын, бирок, жаштар алардын чагымчылдык, жалган маалыматтарына, убадаларына ишенбеши керектигин белгиледи. Анткени, патриотизм идеясы көчөгө чыгуу, кыйкыруу, провокация кылуу менен ишке ашпай тургандыгын депутат баса белгиледи.

“Силер терең билим алып, мекенди сүйүп, анын коопсуздугун башкы орунга коюп, мамлекетке салым кошкон адамдардан болгула. Кыргызстаныбызда ар дайым стабилдүүлүк орноп, маселени көчөгө чыгуу менен эмес, мыйзам чегинде чечкен өлкөлөрдөн бололу” – деди Төрөбаев.

Ошентип, Бакыт Төрөбаев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев берген даарыны түкүрүп таштап, жаштарды тынчтыкка жана биримдикке чакырды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости