www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-июль күнү Талас-АКИпрессте маалымат жыйын өттү. Ага Талас облусунун тургундары — Жаныбек Бейшебаев, Умар Анарбаев, Кеңеш Калматов, Сыргабек Молдобаев келип, митингге үндөөлөрдү токтотууга, тынчтыкка чакырышты.Бул тууралуу маалыматты www.turmush.kg сайты жазып чыкты. 

Умар Анарбаев: Бүгүн Таласка кайдыгер эмес адамдар сүйлөшүп, акылдашып келдик. Бүгүнкү болуп жаткан нерселерге кайдыгер карабай, мурдагы президентке кайрылуу жасагыбыз келет. Азыр элдин баары жазгы талаа иштери менен алек болууда. Өлкөгө стабилдүүлүк керек.

Жаныбек Бейшебаев: Мен 2 революцияны башымдан өткөргөн адаммын. 87 адам өлүп тынды. Бейкүнөө адамдар ортодо калбасын. Бул көрүнүшкө жеткирбей токтотууңуздарды суранат элем.

Кеңеш Калматов: Мен Таластын тургуну, революциянын катышуучусу катары кайрылуу айткым келет. Кыргыз эли кечиримдүү, айкөл эл болот. «Эки дөө кагышса, ортодо чымын өлөт» болбойлу. Тынчтыкка чакырам, өлкөбүздүн стабилдүүлүгүн бузуп албайлы. Урматтуу элим, түндүк-түштүк деген провокацияларга алдырбай, өзүбүз ойлонолу.

Сыргабек Молдобаев: Алмазбек Шаршенович, биз эч качан бирөөнү жериген эмеспиз. Сизди дайыма колдоп келгенбиз. Азыр дагы өкмөттү колдоп, мыйзамга баш ийип, коомдук тартип менен жашайбыз. Тынчтык керек, ошол тынчтыкты сактоо үчүн жалпы кол кабыш кылалы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости