www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-февралда ЖКдин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев учурдагы Кыргызстандагы экономикалык абал боюнча үн катты.

-Салык кызматынын маалыматы боюнча мисал кылсак, 2016-жылга караганда 2017 – жылы ири “Шнос”, “Газпром”, “Cola-Cola” компанияларынын салык төлөмдөрү түшүп кеткен. Айлык акы берилбегендиктен 39 ишкана – мекеме иштебей калган. Мага жеткен маалыматтар боюнча мамлекеттик кызматта иштеп жаткан адамдар айылыгын толук ала элек. Социалдык тармактар, “виртуалдык фантастикалык дүйнөдө жашап келе жатабыз” деп, жазып жатат. Кооз программаларды жазып келе жатабыз. Жерге түшөлү, экономикалык абалды карап койолу. Түштүк аймакта Өзбекстандын товары каптап, биздин өндүрүшчүлөргө тоскоолдук кылуу, атайын салыктарды төлөтүп атаандаштык жараталы”, - деди ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев.

Баса, “Шнос”, “Газпром”, “Coca-Cola” компанияларынын салык төлөмдөрү түшүп кетсе аталган компаниялар “жакыр” компанияларбы? – деген суроо жаралат экен.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости