www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылдын 27-январь күнү Өзбек чекарачылары Ала-Бука районунун Кош-Болот айылына караштуу Сумсар-Сай тилкесин мал жайып жүргөн Ала-Бука районунун тургуну 1979-жылы туулган Үсөнбаев Асанбайды Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз кирген жана чек арачылардын буйругуна баш ийбей качып жөнөгөн деген жүйө менен ага ок чыгарышкан.

Натыйжада Ала-Бука районунун тургуну 1979-жылы туулган Үсөнбаев Асанбай бутунан жаракат алган. Жаракат алган жаран Өзбекстандын Чуст шаарындагы ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. 

Ала-Бука райондук мамлекеттик админстрациясынын маалыматына караганда 2018-жылдын 31-январь күнү жаракат алган жаран Үсөнбаев Асанбайды Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы жана Ала-Бука районундагы 2030 чек-ара кызматынын кийлигишүүсүндө  эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Ош областындагы Достук эл аралык  бекетинен анын туугандары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо  жана чек ара кызматынын кызматкерлери өткөрүп алышкан.

Андан соң Ош областык ооруканасында медициналык кароодон өткөрүлүп, жаракат алган жаранга ыңгайлуулук жаратуу максатында Бишкек шаарына жакын туугандарынын коштоосунда учак менен жөнөтүлдү.Учак чыгымдарын Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы каржылап жана алардын кийлигишүүсү менен Ош эл аралык аэропортунун администрациясы менен сүйлөшүлүп, Үсөнбаев Асанбайга шарттар түзүлүп учакка салынды.

Ошондой эле дарыгерлердин коштоп жүрүүсү уюштурулуп берилгендигин Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким  Сонунбек Акпаралиев билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости