www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде «Де-Факто» гезитине «Максим Бакиевдин «долбоору» Бакыт Төрөбаев ай чапчыган убадалар менен ажо жарышка аттанды» деген темада макала жарык көргөн. Арадан 1,5 айча убакыт өткөндөн кийин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев биздин гезитти сотко бергени маалым болду. Аталган партиянын катчылыгы маалымат булактарынын бирине берген маалыматына караганда макала Б.Төрөбаевдин инсандык аброюна жана кадыр-баркына шек келтириптир. Анан дагы чындыкка дал келбейт дешип, «Де-Факто» гезитинен бул макаланы жокко чыгарууну талап кылып, ошону менен бирге жазган авторлордон моралдык зыян келтиргени үчүн 5 млн сом компенсация төлөп берүүнү талап кылышат экен.

Албетте, өлкөбүздөгү ар бир жаран өз укугун, кадыр-баркын коргоо үчүн сотко кайрылууга укугу бар. Бирок, ажо жарышка аттанып аткан Бакыт Төрөбаев биздин гезитти сотко берерден мурун, анда жазылган фактыларга жакшылап анализ жасап көрсө болмок. Бизге жеткен маалыматка караганда Б.Төрөбаев «Максим Бакиевдин долбоору» деген сөз үчүн нааразы болуп жатыптыр. Бул сөздүн аталган макалада кандайча колдонулганын мисалга тарталы: «Аталган партия 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышып, марага төртүнчү болуп келип, мандаттарга ээ болду. Ушул жерден бир кыстырма, «Өнүгүү-Прогресс» Максим Бакиевдин долбоору экенин убагында маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Бакыт Эргешович аны кашайтып танганы менен коомчулук ишене тургандай аргумент келтире алган эмес», — деп жазылат макалада.

Демек, «Максим Бакиевдин долбоору» деген сөздү «Де-Фактого» чейин эле бир нече маалымат булактары жазып чыгышкан болуп атпайбы? Анда неге аларды Бакыт мырза сотко берген эмес? Экинчиден, аталган макалада «Өнүгүү-Прогресстин» Бакиевдерге тиешеси бардыгын тастыктаган төмөндөгүдөй фактылар келтирилген: «2015-жылдагы шайлоо марафонунун жүрүшүндө «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын үгүт иштерине короткон каражаты КСДП жана доллар менен миллиардер Бабановдун «Республика – Ата Журт» партиясынын короткон каражаттарынан да алда канча ашып түшкөн. Төрөбаевдин партиясынын үгүт иштерин качкын президент Курманбек Бакиевдин катчылыгынын башчысынын мурдагы орун басары, өтө кымбат турган фигура, жетишээрлик чуулу Максим Каганер жүргүзгөн.Төрөбаев бардык телеканалдардан ар бир саатта жарк этип көрүнүп турган. Жаңылыктардан 10-15 мүнөттүк буюртма сюжеттерди тынымсыз берип турушту, ал сюжеттерде бул партия ооруканалардын бир палатасын кантип жаңы эмеректер менен камсыз кылганы көп кайталанды. Бардык жерлерде партиянын баннерлери илинди жана башка».

Демек, Б.Төрөбаев шайлоолордо башкалардын түшүнө да кирбеген акча каражаттарын коротуп атканы чындык бекен? Телеканалдардан кайра-кайра кайталанган сюжеттер үчүн эле канча каражат кетет? Анан дагы анын 2015-жылдагы шайлоо штабын Бакиевдердин өтө жакын адамы Максим Каганердин жүргүзгөнү эле эмнени каңкуулайт? Же муну Төрөбаев калпка чыгаргысы келеби?

«2016-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон соң Бакыт Төрөбаев кирешеси тууралуу декларациясын тапшырган. Ага ылайык, Төрөбаевдин 2015-жылдагы жалпы кирешеси 738 миң сом болгон, ал эми анын жакын туугандарынын кирешеси 21,6 миллион сомду түзгөн. Бул сумма – анын шайлоодо короткон чыгымдарынын жанында тамчы эле болуп калат», — деп жазылган макалада дагы. Же бул да калппы? Эгерде ишенгиси келбесе, анда өзү толтурган декларациясын кайра бир жолу карап койсун. Анан декларациясында көрсөткөн байлыгы менен шайлоодо чачып аткан каражатынын айырмасы асман менен жердей болуп атса, шайлоо штабын Бакиевдердин жакын адамы жетектеп атса, кантип аны Бакиевдерден таптакыр оолак саясатчы деп айта алабыз?

Эгерде Б.Төрөбаев чындап эле М.Бакиев менен таптакыр байланышы жок экенин далилдегиси келсе, анда шайлоодо чачып аткан каражаттарды кайдан алып атканын конкреттүү түрдө ачыктап койсун. Ошондо ага карата шектенүүлөр өзүнөн өзү жок болот.

Амантур Мусагул уулу

Булак: Де-факто

Последние новости