www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мавритания да Катардан кол үздү

Мавритания бул жумада Катар менен дипломатиялык мамилелерди үзгөн тогузунчу өлкө болуп калды. “Катар өзүнүн саясатын... террористтик уюмдарды колдоо жана экстремисттик идеологияны жайылтуу менен... байланышып алды”, - деген тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн жергиликтүү ММКлар келтиришти.

Иордания Катардагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн деңгээлин төмөндөтүүнү чечип, катардык “Аль-Жазира” телеканалынын жергиликтүү кеңсесин жаап салды. Катардын бийлиги байланышты үзүү чечимин негизсиз деп, бирок бул “өлкөнүн жашоочулары менен жарандарынын күнүмдүк турмушуна таасирин тийгизбейт” деп жоопкотушту.

Катардын тышкы иштер министри жооп иретинде чаралар көрүлбөстүгүн маалымдап, бирок регионго таасир берүү күрөшүндө атандаштар “өздөрүнүн эркин Катарга таңуулап, өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүгө аракет көрүп жатышат” деген оюн айтты. Ал исламчылдарга колдоо көрсөтүп жатасыңар деген күнөө коюлар негизсиз экенин, “эч бир далилсиз, калптан турган ойлонуп табылган жүйөө “деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости