www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакыт Төрөбаев баягыдай кадыр- барктуу болуп турганда өкмөттү, өкмөттүн мүчөлөрүн сындап, кемчилигин айтып турса, жарашчу эле.

Эми ушу тапта ошентип сын айтып бакылдап турса, эч эле жарашпай калыптыр. Себеби, кимге сын айтса да, анын сөзү өтпөй деле ка­лыптыр.

Анткени, шайлоодо Бабановго кошула коём деп, өзүнүн кадыр-баркы менен кошо “Өнүгүүнүн” да биртке аптаракатын өлтүрдү.

Ошондон улам Төрөбаев кимге сын айтса да, алар аны туура кабыл албай, мыйыгынан жылмайышып: “Элди коюп өзүңдү билип алчы” дешери турган иш болуп калды.

Андык­тан элге сын айткандан көрө, өзүнүн кадырын калыбына келтирүү иши менен алек болсо өзүнө пайда демекчибиз.

Булак: "Багыт"

Последние новости