www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Таласка иш сапары менен 12-январда Талас облусуна барып келген эле. Ошондо жолдордун баардыгы тазаланып, анын келишине баары даяр турду. Бул сыяктуу иш сапарларда кайда барарын премьер-министр билбей эле барса, кандай жакшы болоор эле...Ал келе жатканда дагы  жолдун баары укмуштуудай таза болуп, кетип бара жатканда да кандай таза алдынан тоскон бир да унаа жок тоскоолдуксуз кетет. Мына ушундай сапар менен бараткан Сапар Исаковдун артынан түшүп алып бейкапар келген айдоочулар да бар.

Бул иш сапарда Сапар Исаковдун артынан билгизбей келе жаткан жараныбыз (аты жашыруун бойдон калды) ал бара жаткан кортеждин артынан учкашып алып, 2 саат эч ким аны тоспогонун айтат. Бир убакта аны ГАИ кызматкерлери тосуп айдоочулук күбөлүгүн алып коюшуптур. Бул тууралуу ал өзү биздин сайтка билдирди. - Эки саат бою мага эч ким тийишпей, тоспой, жакшы келдим, өкүнүчтүүсү эми айдоочулук күбөлүгүмдү алышым керек - деп кейийт.

Эскерте кетсек, Сапар Исаковдун жактырган унаасы БМВ үлгүсүндөгү унаа.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости