www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралиялык окумуштуулар бал аарыдан алынган уунун лабораториялык чөйрөдө агрессивдүү көкүрөк рагынын айрым клеткаларын жок кылаарын байкашты. Уу жана анын курамындагы мелиттин элементинин дарылоого кыйын болгон көкүрөк рагына каршы күрөшө алаары аныкталды. Бул тууралуу milliyet.com.tr сайты жарыялаган маалыматтын NazarNews.kg маалымат агенттиги тарабынан которулган кыргызча версиясын сунуштайбыз.

Мындай табылга көңүл кубантаарлык болсо да окумуштуулар көптөгөн эмгек талап кылынаарын айтышууда. Көкүрөк рагы дүйнө боюнча көбүнчө аялдарда кездешүүчү оорулардын бири. Лабораторияда ракка каршы күрөшө алган миңдеген химиялык элементтер бар болгону менен алардын азы гана адамдарга карата дарылоо үчүн иштетилет. Ал эми аары уусунун, мындан мурда меланома аттуу тери рагына каршы таасирдүү экени билинген.

Батыш Австралиядагы Harry Perkins медициналык институту жүргүзгөн изилдөө Nature Precision Oncology аттуу журналга жарыяланды.

300 бал аарысы жана жөнөкөй аарыдан алынган уу тесттен өткөрүлүп, бал аарыдан алынган элементтин таасирдүү экени аныкталды.

Изилдөө жасаган 25 жаштагы Сиара Дуффи жана анын командасы уудагы элементтин рак клеткаларын 1 сааттын ичинде өлтүрүп, башка клеткаларга көп зыян бербестен ишке ашыраарын байкашты. Бирок, көп өлчөмдүү дозада уунун таасири артаары билинди.

Мелиттин элементи адатта аарынын уусунда гана болгону менен аны синтетикалык жол менен да өндүрүүгө болот. Көкүрөк рагынын 10-15% түзгөн рак түрүн операция, радиотерапия жана химиотерапия жолу менен дарылоого болот. Ошентсе да изилдөөчүлөр бул элементтерди дарыга айлантуу үчүн алдыда узун жол бар экенин эскертишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости