www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев иш сапар менен Ош шаарына жана Ош облусуна барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 2-сентябрь күнү ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Кара-Суу РИИБдин Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмчөсүндө, ИИМдин Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Түштүк аймактык башкармалыгында, ИИМ тарабынан Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйдүн курулушунда жана ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 703-аскер бөлүгүндө болду. Андан соң Ош облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында Ош ОИИБнын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
2020-жылдын 2-сентябрь күнү Кашкар Джунушалиев Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылында курулган Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаӊы имаратынын ачылуу аземине катышты. Ага Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги М.Нурдинов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги М.Боронов, Кызыл-Кыштак айыл аймагынын айыл башчысы жана жашоочулары, курулуп бүткөн имаратка жакындан көмөк көрсөткөн атуулдар, ички иштер органдарынын ардагерлери жана аталган милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы катышты. Министр жаӊы ишке берилип жаткан милиция бөлүмчөсүн курууга салым кошкон жарандарга ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылды аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо деп жарыялаган демилгесин колдоого алып, ички иштер министрлиги да аймактарда жайгашкан түзүмдөрдө кызматкерлерге шарт түзүү багыты жүзөгө ашырып келүүдө. Бүгүнкү имараттын курулушу да ушул демилгенин алкагында ишке ашырылып жаткандыгын жана мындай курулуштар улана берээрине токтолду.
Кашкар Джунушалиев имараттын курулушуна салым кошкон жарандарга жана өздүк курамга ыраазычылын билдирип, ИИМдин сыйлыктары менен сыйлады. Буга чейин аталган милиция бөлүмчөсүнө “Нива” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа тапшырылган болчу. Жаӊыдан ишке берилип жаткан айылдык милиция бөлүмчөсү Кызыл-Кыштак жана Төлөйкөн айыл аймактарынын 14 айылындагы 72 миӊ 132 (жетимиш эки миӊ бир жүз отуз эки ) калк жашаган жерлерде коомдук тартипти көзөмөлдөп, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иш алып барышат.
Бул күнкү иш сапардын соңунда К.Джунушалиев ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 703-аскер бөлүгүндө болуп өздүк курам менен таанышты.
Министр өздүк курам алдында сөзгө чыгып алардын Мекен алдында өтөп жаткан кызматтары үчүн ыраазычылыгын билдирди.
«Кыргызстандын кайсы гана аймагы болбосун кооптуу кырдаал түзүлгөн учурда сиздер ошол жерде болуп жатасыздар. Сиздердин Мекенди сүйүп, ак дилден кызмат өтөп жаткандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдиремин. Күжүрмөн аскер бөлүгү катары ар дайым кооптуу кырдаалда даяр экендигиңерге ишенемин. Кыргызстаныбыздын коопсуздугу үчүн өтөп жаткан кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдиремин»,- деди министр өз сөзүндө.
Аталган аскердик бөлүк Ош шаарында ички иштер органдары менен биргеликте коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо жана стратегиялык маанилүү объекттерди кайтаруу боюнча кызматтарды аткарып, коомдук тартипти сактоо тапшырмаларын аткарып турушат.
Булак: NazarNews.kg