www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ант беришти

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңеште жаңы депутаттар ант беришти.

Жогорку Кеӊеште жаӊыдан депутат болуп келишкен Молдалиев Сталбек Уметкулович, Сырдыбаев Нурлан Муратбаевич, Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович, Койчуманов Мээримбек Нурбекович, Исмаилов Уланбек Чекишевич, Садиков Улугбек, Кенжебаев Байгазы Бобунович ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбак Жумабеков жалпы депутаттардын атынан аларды депутат болуп келиши менен куттуктап, эл өкүлчүлүк ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Жаңы депутаттар кимдин ордуна келген:

Чыныбай Турсунбеков - Сталбек Молдалиев;

Зиядин Жамалдинов - Нурлан Сырдыбаев;

Алтынбек Жунус уулу - Осмон Турдумамбетов;

Данияр Төлөнов - Мээримбек Койчуманов;

Абылкайыр Узакбаев - Уланбек Исмаилов;

Кубанычбек Нурматов - Улугбек Садиков;

Таалайбек Масабиров - Байгазы Кенждебаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости