www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи Май райондук прокуратурасы № 5-бала бакчаны текшерүү учурунда мекемеде одоно мыйзам бузууларга жол берилгенин аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын М.Д. аттуу директору жана тарбиячылары 2017-2019-жылдар аралыгында ата-энелердин балдары үчүн төлөгөн 396, 7 миң сомду менчиктештирип алганы белгилүү болгон.

Мындан сырткары, прокуратура М.Г. аттуу бала бакчанын кызматкерине 156.4 миң сом айлык төлөнгөнүн, ал мекеменин директорунун бир тууганы экенин жана бакчада эч качан иштебегенин аныктаган.

23 бөбөк бала бакчага электрондук кезексиз киргизилип, мыйзамдуу түрдө мекемеге катталбастан барып жүрүшкөн.

Алардын ата-энеси акчаны касса аркылуу эмес, тарбиячылардын колуна берип келишкен. Алынган акча каражаттары борбор калаанын Биринчи май райондук Билим берүү борборунун эсебине которулуунун ордуна бала бакчанын директорунун чөнтөгүнө түшүп турган.

Директор М.Д. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жалпысынан 2017-2019-жылдар аралыгында 553,1 миң сомду менчиктештирип алган.

2020-жылдын 11-февралында Биринчи Май райондук прокуратура тарабынан текшерүүнүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости