www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Алай районунун Арпа-Тектир айылынын жашоочулар менен жолукту. Бул тууралуу ИИмдин басма-сөз кызматы билдирди.

Ош областынын Алай районунун Арпа–Тектир айлынын жашоочулары Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылышып, инибиз Рахманберди уулу Төлөгөнгө Ошто Раим Матраимовдун жандоочулары Кылыч Саркарбаев, Нурбек Раимбеков, Мунар Матраимовдор тарабынан коркутуу, үркүтүү болуп жатат. Ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду сурайбыз. Аксакалдарды кабыл алып, көйгөйлөрүн угуп, ушул жигитибизди жакшы териштирип берсеңиз-, деп суранышкан.

Ошол себептүү бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Алай районунун Арпа-Тектир айылынын жашоочулары менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кашкар Джунушалиев жалпы өлкөбүздө коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын укуктары менен коопсуздугун сактоо–Ички иштер министрлигинин түздөн түз милдети экендигин баса белгиледи. Арпа –Тектир айлынын тургуну Рахманберди уулу Төлөгөн боюнча, ошондой эле Ош областында жана Ош шаарында болуп жаткан кылмыштуу окуяларга кимдин катышы бар болсо, ким болбосун, бардыгынын жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралат. Эгерде алардын кылмыштарга тиешеси боло турган болсо ошого жараша жоопкерчилик тарта тургандыгын Кашкар Джунушалиев кескин түрдө билдирди.

--Ошол эле сиздердин уулуңар Рахманберди уулу Төлөгөндүн жана анын шериги Эмилбек Кимсановдун кылмышка шектүү экендигин сиздер жакшы билесиздер, жалпыга маалымдоо каражаттарында да жарыяланып жатат.Мына экөөнө тең учурда издөө жарыяланды, качып жүрүшөт. Эгер алар таза болсо, күнөөбүз жок, айта турган сөзүбүз бар дешсе, анда бизге, укук коргоо органдарына келсин, качпасын арыз муңун ачык айтсын. Биз акыйкат тергейбиз жана ким гана болбосун күнөөсү далилдене турган болсо, жазасын тартат. Эч кимдин, эч кандай статусуна, байланыштарына, туугандык мамилелерине карабайбыз. Мыйзам чегинде катуу жана акыйкат чечимдерди кабыл алабыз. Ички иштер министри катары коомдук тартипти сактоо багытындагы бардык маселелерге эл алдында жооптуумун жана Сиздер менен бирге коомдук тартипти сактоо багытында бардык маселелерди чечкенге ички иштер министрлиги дайымдаяр,- деп баса белгиледи ИИМ министри.

Жолугушуунун сонунда өз ара пикир алмашуу болду. ИИМ өлкөдөгү коомдук тартипти сактоодо жоопкерчиликтүү негизде иш алып бара тургандыгы баса белгиленди, деп билдирди ИИМдин Басма Сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости