www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, парламенттин жыйынында автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат.

Депутат Кожобек Рыспаев сунуш кылынган долбоорду жакшы деп, бирок бул мыйзамды кабыл алаардан мурун шарт түзүп бериш керектигин айтты.

“Бүгүнкү күндө мыйзам жазып туруп, анан Ак тилектегидей тыгын пайда болгондо, өкмөт өзу айтат, “эй ачкыла, кокуй токтоткула” деп”

Ошондой эле, Кожобек Рыспаев Транспорт жана жол министрлигине таразалар үч күндөн бери иштебей жатканын, Чүй облусу боюнча 2 мобилдик группа жетишпээрин, ошол эле облуста ашыкча жүктү түшүрүүчү терминал жок экенин айтып, “жакадан алды”.

Мындан сырткары, депутат өкмөттү жөн эле мыйзамга макул боло бербей шарт түзүп бериш керектигин айтты.

“Өкмөттөр жөн эле макул боло бересиңерби. Разговор жок, мыйзам жакшы, шартын караш керек да. Анда Кытайдан келген ховалар өтпөш керек. Бизнесмендерде 2000 миң хова бар. Алар иштебеш кере. Автомат бузулуса, кимди сотко бересиңер, ким анализ жүргүзөт?”,-деп ачуусун баса албаган депутат өкмөткө суроо узатты.

Транспорт жана жол министри мыйзам кабыл алгандан кийин техникалык оператор жооп берерин айтты.

Анда Кожобек Рыпаев мыйзам кабыл алгандан кийин эмес, ага чейин эле шарт түзүлүшү керектигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости