www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бала кездеги окуядан, отуз жылдан кийин үйрөнгөн сабагым

Бала кездеги унута албаган кызыктуу окуялар болот эмеспи. Андай окуялар менде да бар. Алардын бири менен бөлүшкүм келди:
Он жаштагы убагым. Жума күнү мечитке эрте барып, унчукпай дубаларымды кылуу адатым эле. Бала чагымдан бери ибадат кылуу мени жубатып, кубаныч тартуулап келет.
Адаттагыдай эле мечитке эрте келип, дуба кылып жаткан учурум. Мечиттин үстүңкү кабатында балдар, балалык кылып, ойноп, ызы-чуу салып жатышкан эле. Өзүм да алар курактуу болгонума карабай, эч кимисинин оюн-күлкүсүнө көңүл бурбай, ибадаттарымды уланттым. Дал ушул учурда, ар бир баланын кыялы болгон кымбат футбол тобу менен мечитке кирген бала менин көңүлүмдү бурду. Ошондо мен: «Кудайым, мүмкүн болушунча жакшы адам болууга жана Сага эң мыкты ибадат кылгандардан болууга аракет кылам. Бирок, ошол топту да каалайм. Дубаларымды кабыл кыл, оомийин»,- дедим. Ошол учурда кымбат топтун ээси болууну канчалык кааласамда, ал нерсе акчанын айынан ишке ашпайт болчу. Жума намазы бүтүп, баары тарай баштады. Балдар мечиттен чуркап чыгышты, мен ар дайымкыдай, мечиттен элдин артында чыктым. Ошол маалда мечиттин бакчасында турган байке мени жанына чакырып, башымдан сылап, атымды сурады. Ал кишини мурда көрүп жүрчүмүн, башка кишилерден жүрүм-туруму жана намаздарын катасыз кылгандыгы менен айырмаланып турчу. Колун чөнтөгүнө салып, акча алып чыгып, «менин сага берген белегим», деди.
-Эмнени кааласан ошону ал. Кааласан үйүңө азык-түлүк сатып ал,- деди күлүмсүрөп. Бейтааныш адамдан мындай жакшылык көргөнүмө аябагандай сүйүндүм. Ошондо ичимден «чонойгонумда мен да ушунтип садака берем» деп ниет кылдым. Анан ал байкеге ыраазычылык билдирип, түз эле дүкөнгө жөнөдүм. Дүкөнгө кирер замат жанагы кымбат топ көзүмө урунду. Биринчи ишим ошол топтун баасын суроо болду. Мага белек кылып берген байкенин акчасы, ошол кымбат топко жетет болчу. Бирок, мен үйдө ачка олтурган бир туугандарымды эстеп, топту сатып алууга колум барбады. Акчамдын жетишинче үйгө нан, макарон, ун, кумшекер жана башка нерселерди алдым. Менин максатым апамды жана бир туугандарымды кубантуу болчу. Коңгуроону кагып, үйгө киргенде, үй бүлөмдүн кубанычында чек жок эле. Ошол күндөгү апамдын жана бир туугандарымдын кубанган жүзү азырга чейин көз алдымда турат.
Ошол окуядан кийин 30 жыл өттү. Жума намазына кетип жатып, бейкүнөө жаш баланы көрүп, ошол окуя эсиме түштү. Бул менин кезегим деп ойлодум жана ал баланы бактылуу кылгым келди.
Мечиттен чыгып, анын келишин күтө баштадым. Мен ага бергенге, чөнтөгүмдөгү акчанын бир бөлүгүн бөлүп койдум. Жаныма чакырып, башын сылап, атын сурадым. «Каалаган оюнчугуңду же буюмуңду сатып ал», деп, бөлүп койгон акчамды бердим. Бирок, ал бала эмне кылганын билесизби? Ал акчаны түз эле мечитке алып барып, ошол жердеги «жардам кутусуна» салып койду. Мен абдан таң калдым; баланы кайра чакырып дагы акча бердим. Бирок, ал бул жолу дагы акчаны «жардам кутучасына» салып койду. Бул жолу, сабак алуу менин кезегим болду. Бала жаныма келип:
— Байке, сизге ырахмат, бирок, мен бүгүн жума күнүнүн берекеси жана улуулугунун акысы үчүн акча төлөй албай калгандыктан (садака бере албагандыктан), Раббимден намаз учурунда акча сурадым эле жана Раббим дароо каалоомду орундатты. Аллах үчүн сураган акчамды пайдасыз нерсеге иштетүүдөн уялам,-деп жооп берди. Балага суктануу менен карадым. Ыйманына суктандым. Мага ушунчалык чоң сабак бергени үчүн ыраазычылык билдирип, чөнтөгүмдөгү бардык акчаны ага карматтым дагы, «алган акчасын дагы кутучага салдыбы же өзү менен кошо алып кеттиби?»,- деп кароодон ушунчалык уялганымдан, дароо өз жолума түшүп, басып кеттим. Жаш балачалык ыйманым болбогонуна капа болдум. Ошонтип, 30 жыл мурунку окуя, менин жашоодон дагы бир сабак алуума себеп болду.

Булак: insan.kg

Последние новости