www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоомарт Жолдошев: “Мыйзам баарына бирдей иштеши керек”

“Кызматкер болобу же дыйкан болобу Мыйзам баарына бирдей иштеши керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Жоомарт Жолдошев Ош шаарында өткөн жаштар форумунда айтты. 

Ал Кыргызстандын баалуулугу эл экенин баса белгиледи.  

“Бизде башка өлкөлөрдөгүдөй кен байлыктар, мунайзат, газ жок. Элге тиешелүү ар намыс, эркиндигибиз баалуу. Кыргызстанда адам укугу алдыңкы орунда турушу керек. Азыркы учурда адам укугу кандай деңгээлде бааланарын жакшы билесиздер. Мунун баары Мыйзамдарга барып такалат. Адилет министрлигинин сайтында укукка байланышкан 100 миңден ашуун эреже бар. Мунун көбү укуктук тоскоолдуктарды жаратат”, - деди талапкер.

Ал сот бийлигиндеги көрүнүштөрдөн тарта эмгек миграциясындагы көйгөйлөргө токтолду. 

“Адилетсиз мамилелердин соңу ишенбестикке алып келет. Акырында үй-бүлөлөр арасында ажырымдар – эмгек миграциясына түртүүдө. Мени өкүндүргөн нерсе – бөбөктөрдүн ата-энесинен алыстап, туугандарынын колунда калып жатканы”, - деди Ж.Жолдошев. 

Ал кайдыгерлик тууралуу кеп козгоп, мекендештерди шайлоодо көңүлкош мамиле жасабоого чакырды. 

“Сапатсыз Мыйзамдардын баары Жогорку Кеңештен келип чыгат. Буга шайлоого келгенде, тандоого келгенде кайдыгерлик мамиле себеп. “Менсиз деле чечилет”, “досумду шайлап коеюн” деген сыяктуу жердешчилик, тууганчылыктан келип чыгат. Акыркы чакырылыштагы депутаттардын бирин дагы актай албайм. Арасында дурус окуй албагандар отурат”, - деди талапкер.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 22- сентябрь, 2020-жыл.

Последние новости