www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каарманыбыз өзүнүн арыз-муңун бөлүшүп биздин [email protected] электрондук кат жолдогон. Каарманыбыздын жашоодогу көйгөйүн сиздерге бөлүшмөкчүбүз.
Саламатсыздарбы? Мен атымды атабай эле коёюнчу. Сиздерден кичине кезимде болуп өткөн окуяны айтып кеңеш сурагым келет. Анда сөз башынан болсун.
- Атам милиция кызматкери, апам болсо мээрман айым болуп иштечү. Кичине чагымда атакемдин кызматына байланыштуу жер которуп, көп көчтүк. Жазында Ат-Башыга көчүп келдик. Бир чоң заңгыраган үйдүн үч бөлмөлүү “времянкасын” ижарага алып кирип жашадык. Үйдүн кожоюну менен бир короодо турганыбызда мен өзүмдү чоң апа- чоң атам бардай сезчүмүн. Алар кары ,көп балалуу жакшы кишилер болчу.
Алардын көкүрөк күчүгү мени менен жашташ, бирок шизофрения оорусу менен жабыркаган кыз болчу, мектепке барчу эмес. Ал кыз менен мен бош убактымда ойноп күн кечирчүмүн.
Күндөрдүн биринде. Кошунабыздын баласы армиядан кызматын өтөп келди. Мага абдан жылуу мамилеси менен ишенимимди алды. Мен 3 класстагы кызмын камкор мамилеси жаман ой жараткан жок. Бир күнү мени тамдын артына чакырып, алып өпкүлөп кирди. Шымымды чечти, анан үстүмө жатып кыймылдай баштады. Бир нерсе куюлгандан кийин шымын шымдап, сандарымды өтө назик мамиле менен арчып берди. Мен эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун. Мен сени абдан жакшы көрөм деп, сникерс берди. Мен эч нерсени түшүнө албай үйгө кирдим. Мындай күндөр көп жолу кайталанчу болду. Апам кош бойлуу эле көз жарды, сиңдилүү болдум. Анан атамды Казарманга которушту, кызмат абалына байланыштуу Ат-Башыдан көчүп кеттик. Кийин эс тарткан сайын ошол учурду көп эстеп, акыл эс киргенден кийин “педофилге” оюнчук болгонумду, кандай коркунучта болгонумду билдим. Эми ошол адамды таап жазага тарта аламбы? Окурмандардан пикир күтөм.
Булак: NazarNews.kg