www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрь күнү жаңы төрөлгөн ымыркайды сатып жаткан жеринен мамлекеттик ооруканалардын биринде иштеген гинекологдор кармалганы кабарланган. Кийинчерээк, алардын бири Бишкектеги №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштей тургандыгы маалым болгон.

Айрым ЖМКлар кармалган аялдар буга чейин да жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатып келгенин жазышты. Андагы маалыматка таянсак, дени сак төрөлгөн наристени ата-энесине балаңар чарчап калды деп, башка наристени көрсөтүп коюшчу.

Кармалган кызматкерлердин бири №18-поликлиникада иштей тургандыгын RADAR.KG сайты өздүк булактарына таянуу менен жазды.  Маалыматка таянсак, Эльвира Чудубаева аттуу кызматкер №1 тергөө абагына киргизилген. Ал №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштечү. Ал эми Жибек Өмүрзакова аттуу кызматкер Бишкектин аймагынан чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде үй камагына чыгарылган. Экөө тең мамлекеттик кызматынан сырткары жеке менчик клиникалардын биринде иштеп келишкен.

ИИМдин маалымат кызматы аталган факттын негизинде «Адам сатуу» беренеси менен кылмыш иши козголгондугун, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди.
Бизге жеткен маалыматтар боюнча М.А аттуу аял бала багып алууну көздөп, тааныш гинеколог дарыгери Жибек Өмүрзаковага кайрылат. Жибек өз кезегинде кесиптеши Э. Чудубаевага айтып, алар жаңы төрөлгөн ымыркайды ага беришмек болушат. Жаңы Конуштардын биринде жашаган М.Анын үйүнө ымыркайды алып барышып, 1300 АКШ долларын сурашат. М.А алардын сунушуна макул болуп, аларга акчаны беришет. Бирок, арадан көп өтпөй, наристе катуу ооруп, ооруканада чарчап калат. Берки гинекологдор М.Ага башка наристе таап беришип, ага туулгандыгы тууралуу күбөлүккө М.А менен анын жолдошунун атын жазып беришкен деп билдирет Ракурс сайты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости