www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык №4 төрөт үйүнүн перинаталдык борборунун кызматкери 2800 долларга жаңы төрөлгөн ымыркайды саткан. Бул туурасында 24-апрелде, бала сатууга шектелип кармалган гинекологдордун сотунда күбө катары катышкан Б.С. аттуу жаран айтты.

Эскерте кетсек, 2018-жылы 7-сентябрда Бишкекте бала сатты жана мыйзамсыз аборт жасады делген шек менен бир нече гинеколог кармалган. Сегиз дарыгер сот жоопкерчилигине тартылууда. Укук коргоо органдарындагы өздүк булактын маалыматы боюнча үчөө №1 жана 18 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жана №4 төрөт үйүндө иштегендер.

Күбө көптөн бери балалуу боло албай жүрүп, №4 ооруканага келип УЗИге түшкөндө дарыгер менен байланыш түзгөн. Жана баласынан баш тарта тургандар болсо баланы багып алуу ниети бар экендигин врачка айткан. Кийин күбө Россияга иштегени кеткен. Бир аз убакыттан соң бала багып аласыңбы деген сунушу менен врач байланышкан. «Мени төрөт үйүнө чакырышканда, 2018-жылдын май айында келдим. Ал жерден мага өзү төрөдү деген маалым катты беришти. Бул жасалма экенин да түшүндүрүшкөн», — деди баланы сатып алган аял.

Буга чейин М.Ш. аттуу күбөлөрдүн бири сотто Э. М. аттуу чала тааныш аял башында уул баланы багып алууну сунуштап, кийин аны 3 миң долларга сатканын, ал «Орто-Сай» базарында сатуучу болуп иштей турганын айткан.

Булак: “Де-Факто”

Последние новости