www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баламды кантип таштап кетем...

Быйыл  мектепте  театр кружогу  уюшулуп, ага шыгы барыда, жогу да, аламан уруп кирип алган. Эми балдардын мынтип жапырт түрдө жигерденүүсүнүн да өзүнчө себеи бар. Ушул күнгө чейин биздин мектепте окуучулардын талантына, билимине анчейин көңүл бурулган эмес. Ушундан уламбы балдар үчүн жаңы нерсе болуп, борбордон келген театр актеру сабак берет дегенди укканда, албетте, алардын кызыгуусу арта түштү. Мектеп эле эмес бүт айыл борбордон келген агайды көрүүгө ынтызар эле. Ошентип, Алима экөөбүз да элдин катарынан калбайлы деп актердук чеберчилик боюнча кружокко жазылып алганбыз.

Жаңы окуу жылы  болгону үчүнбү балдар сабактарга калбай катышып, класстар кадимидей толуп калды акыркы күндөрү. Жаңы окуу жылы демекчи быйыл 10-класс болдук. Оюунда сабактан башка эч нерсе, баягы кыздаргы тийишип качкан адатын койбогон боз балдар, эки-экиден болуп тыныгуу сайын мектепти айланган  секелек кыздар элек ал кезде.

Жумасына эки жолу сабактан соң Сапар агайдын кружогуна барчубуз. Ооба, баягы шаардык актер агайдын дал өзү. Бүгүнда Фрунзенин агайынын кружогуна барабыз. Ушул бүтүн,бөлчөк сандар эртерээк бүтсө экен деп отурдум. Класста арифметиканы Дастандан башка эч ким жактырбайт. Же түшүнбөйбү... эмнеси болсо да, бар оюум кружокко тезирээк барып, агай менен жолугуу эле...

Агайды биринчи көргөн  күндөн тартып эле жактырдым окшойт. Сабакта отурсам да, башка иштер менен жүрсөмда ойлой берчү болдум. Эмнегедир аны өзүмө жакын сезип, кайра-кайра көргүм келчү. Бирок, Сапар агайды ойлогонумда дүйномдү бир коркунуч ээлеп алат. Бирок, эмне экенин билбейм. Балким, анын агай болгонунда, ортодогу жаш өзгөчөлүк да болушу мүмкүндүр... Бирок, байкашымча анда да мага болгон сезимдери бардай сезилет. Мага болгон мамилеси башкаларга караганда өзгөчө болгондой сезилет. Же ал  мага карап жылмайса эле өзүмчө жок нерсени ойдон курап, куру кыялдарга алданып жүрөмбү? Бара-бара экөөбүздүн мамилебиз жакында, окуунан сырткары да тез-тез жолугуп турчу болдук. Аны менен кандай гана тема бобосун ачык, тартынбастан ойлорумду жеткире алчумун. Алда мени аябай жакшы түшүнүп, кандай гана учур болбосун жардам берүүдөн баш тарчу эмес. Бары мен ойлогондой болуп жатты. Бир топ убакыттан кийин Сапар менен кыз-жигит катары мамиле кура баштадык. Ал мени жакшы көрөөрүнү улам-улам кайталап айта берчү. Экөөбүздүн келечекке болгон үмүтүбүз чоң эле.  Экөөбүздүн оюбуз бир жерден чыгат. Кыялдарыбызда окшош... мектепти аяктаган соң чогу Фрунзеде жашоону пландаганбыз. Бирок, бул кубаныч көпкө созулган жок.

Айыл кичинекей, баары бири-бирин тааныйт дегендей... Сапар экөөбүздүн мамилебизди ата-энем кайдан, кимден укканын билбейм менин Сапар менен сүйлөшүүмө тыюу салды. Анысы аз келгенсип айылдагы тууган-туушкандар да  акыл айтып, үй-бүлөм да мага каршы чыгып, эч ким колдоо көрсөткөн жок. айыл аксакалдары Сапарды кайра шаарга жөнөмөкчү болушту. Ушинтип биз жөнүндө элдин баарына ушак-айын кептер тарады. Жакындарым мени канча жерден жемелесе да мен өзүмдү күнөөлүү же болбосо туура эмес нерсе жасадым деп ойлогон жокмун. Ушунчалыкка жеткенден кийин сүйүүмдөн кол үзбөйм деп чечип, Сапар менен калаага кетүүнү ыраа көрдүм. Сапар да макул болуп, жолугушчу жерде күтөөрүн айттырып жиберди. Сапарды канчалык сүйсөмда ата-энемди таштап кетүү кандай кыйын, оор болгонун сөз менен айтып жеткизе албайм... бирок мен айылда да кала албайт болчумун...  апамдарга тике карап айтууга батына албай, кагазга жаздым аларды канчалык жакшы көрөөрүмдү... Фрунзеде Сапар экөөбүз күтөөрүбүздү айттым.

Сапар өтө акылдуу, жүрөгү таза жана мүнөзү токтоо жан эле. Сапардын көздөрү,сүйлөгөнү мүнөзү баласына да өтүптүр. Мелис балам экөөбүз атасынын көп эстечүү болдук акыркы күндөрү. Биз борборго келгенден кийин көп өтпөй эле Сапар каза болду. Анда Мелис үчтө болчу. Атасыны жакшы элестете албайт, бирок анын кандай адам болгонун ушул күнгө чейин күн сайын айтып берип келдим. Чоң шаарда Мелис экөөбүз жалгыз калдык. Мен айылдан кеткенден кийин ата-энем мени менен такыр байланышкан жок. Шаарга келээрим менен алар менен байланыштым, апам менен анда-санда сйлшүп калчубуз. Мелистин бар экенинда, жолдошумдун окуясынанда кабардар. Көңүлүн катуу калтырсам керек. Менинда жүрөгүм сыздайт. Бирок, көкүрөктү ойгон дагы бир нерсе бар. жакында эле өзүмдүн айыккыс дартка чалдыкканымды дарыгерден уктум. Анын айтышынча алты айдан аз жашоом калды. эми менда Сапардай болуп Мелисти бул жалганга жалгыз таштап кетемби деп, жалгыз балам бул жашоону ак-карасын ажырата электе аны кантип калтырып кетем? А Сапардын түуган-уругу жок. Ал балдар үйүндө чоңоюптур. 

Эми ата-энем менин кылгандарымды кечирип, балам Мелисти, небересини кабыл алса дейм. Мен өлгөндө балама туура жол көрсөтүп, акыл-насаатын берип  өз канатынын астына алып, үй-бүлө болуп жашаса, башка арманым жок эле. Башка айлада таба албай жатам...

 Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости