www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стив Джобстун акыркы каты

Мен өзүм, бизнестин эң жогорку чегине жеткен, байлыктын, акчанын ачуусун да, таттуусун да татып көргөн адаммын. Өзгөлөрдүн көзүнө менин өмүрүм өксүгү жок, жалаң жакшы күндөрдүн курчоосунда өтүп жаткандай сезилчү. Аттиң, а чынында менин өмүрүмдө акча жана жумуштан башка нерседен ырахат алып, кубанган күндөрүм аябай эле аз болду. Байлык, дүнүйө, мүлк. Булар өмүрдүн бир бөлүгү гана, менин өмүрүм ушулардын курчоосунда өттү. Дал ушундай акчага, дүнүйөгө азгырылып, байлыктан башым адашып жүргөн күндөрдүн биринде айыкпас дартка чалдыкканымды билдим. Өмүрүмдүн калганын төшөктө жатып өткөрмөй болдум. Төшөктө жаткан учурумда аркама бир кылчайып, өткөндө калган өмүрүмө көз чаптырып, акчанын азгырыгы менен өтүп кеткен өмүрүм сөз кылууга да арзыбаган өмүр экенине көзүм жетип, эрдимди тиштеп отурам.

Күн шооласы көрүнбөгөн жан сактоочу караңгы бөлмөдөгү менин денеме туташкан аппараттан чыккан жашыл жарыктардын шооласын көрүп, чуулдаган үнүн угуп жатам. Мага ажал жакындап келе жатат окшобойбу.

Өмүрүмө жеткендей чексиз акча, дүнүйө-мүлк, байлык топтогон соң, акчадан да, байлыктан да башка нерсени кыялдануу керек экенине акылым жетип отурбайбы. Биз адамдар дүнүйө-мүлктөн башка нерсени кыялдануубуз керек экен: мүмкүн жаштайыңыздан кыялданган нерсени, сүйүү менен махабатты, чыгармачылык менен өнөрдү.

Байлыктын, акчанын артынан сая түшүп, бу түбүң түшкөн дүнүйөнүн түбүнө жетем десеңиз жаңылышасыз, себебин да түшүнбөйсүз, дал мен сыяктуу.

Жараткан бизге байлыкка байланган жүрөктү эмес, баардык пендеге сүйүү менен карай турган, мээримге, махабатка толгон жүрөк берген. Тирүүлүктө жыйнаган байлык, үй-жай, акчаны өзүм менен бирге алып кете албайм, алып кеткен күндө деле андан эмне пайда? Тек гана жакын адамдарымдын жакшы сөзүн, мээрим менен караган көз карашын гана алып кете алам. Ошол адамдар гана өмүрдөгү махабат, мээримдүүлүк эмне экенин сездирип, сени менен бирге жаныңда жан жолдош болуп, тагдырдын тайгак жолунан тайдырбай, тайгалансаң тартып алып, жолуңа нур чачып, демиңе дем кошуп жигер берет.

Махабат миңдеген кедергини, тоскоолдукту жеңет.Пайдалана билсең өмүрдүн чеги жок. Өзүң койгон максатка жет. Өмүрдү туура пайдалануу ал сенин гана колуңда.

Эгер адамдар менден “Эң кымбат төшөк кайсыл төшөк?” деп сураса мен: “ноокас жаткан төшөк” деп жооп берет элем…Өмүрдө өзүңдүн ордуңа башканы жалдап, машинеңди айдатып каалаган жериңе жеткен соң акысын берип же адам жалдап иштетип кирешеңди сен каалагандан да арттыра аласың, бирок сенин ордуңа ооруп бере турган адамды жалдай албайсың.

Материалдык байлык табылат. Бирок өмүрдө бир нерсени жоготсоң аны кайра таап ала албайсың. Ал өмүрдүн өзү.

Операция кыла турган бөлмөгө кирип бара жатканда, бир нерсе өкүндүрөт, ал окуп жатып бирок, аягына чыкпаган “Дени сак өмүр” аттуу китеп. Мен эмне үчүн ал китепти аягына чейин окубадым? Эмне үчүн анда жазылгандарды аткарбадым?

Убакыт сааты келсе өмүрдүн кылдыраган арабасы кайсыл жерге келгенине карабастан, туш келген убакытта тык токтойт белем…

Үй-бүлөңө камкор бол, жубайыңа жылуу мамиле кыл, тууган-туушкан, дос-курбуга сый мамилеңди арна. Өзүңдү ойло, өзгөнү да урматта.

Булак: insan.kg

Последние новости