www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен акылдуу иттерди мурда кинолордон гана көруп калчумун. Албетте, алар сценарий боюнча тартылып, үйрөтүлүп, кайра-кайра машыгып, анан тартылат эмеспи. Ал эми чыныгы турмушта болгон акылдуу иттерди өз көзүм менен көрө элек болчумун. Бул иттин тарыхы да өтө узак да, кызык да. Аны көчөдө келатып байкем. Экөөбүз кырмандын дубалынын бурчунан адашып жүргөн жеринен таап алган болчубуз. Атам чабан болгондуктан үйдө дагы эки ит бар болчу. Капкара болтойгон, чекесинде апаппак тоголок тагы бар күчүк экен. Мындай карап келсең, аябай сүйкүмдүү. Үйгө алып баргандан атабыздан коркуп жаныбыздагы ээси жок эски үйдүн ичине алып барып уя жасап багып жүрдүк. Эч кимге көрсөтпөй сүт, суу, ар кандай тамак-аштарды алып барабыз. Ошентип эч кимге көрсөтпөй дээрлик эки айдай бактык. Ал уламдан-улам чоңоюп келатты. Анан эле бир күнү жок болуп кетти, көзгө көрүнүп сонун болуп калган болчу. Кечке маал жаш балдар чогулуп алып аны менен ары-бери чуркатып, эркелетип, аябай ойночубуз.
Балдар баарыбыз чогулуп алып издей баштадык, эч жерден таппай койдук. Катуу суукта ийнин жылуулап, эмне деген гана тамактарды ташыбадык дейсиң байкем экөөбүз. Анда мен төртүнчү класста, агам алтынчы класста окучу. Ошондо атамдан коркпой эле үйгө алып келгенде болмок экен. Ошентип бардыгыбыз аны эч жерден издеп таппай калдык. Башка айылдан бирөөлөр атчан өтүп баратып алып кеттиби деп да ойлоп калдык. Кийинки күндөрү аны камап койсок да көчөгө чыгып алчу, бирок ал эски үйгө көнүп калгандыктан андан алыстап эч жакка кетчү эмес. Ошол боюнча дайынсыз жок болуп кетти.
Арадан алты-жети ай өткөндөн кийин кокусунан тээ айылдын жогору жагынан биз жоготкон күчүккө окшош маңдайы аппак, тегерек болгон кара итти көрүп калдык. Беделдүү эле Абдыкерим деген киши той берип айылдаштарын чакырган болчу, биз да барып сыртта ойноп жүргөнбүз. Анан эле күтүлбөгөн жерден эле алиги кара ит бизди көрүп калып жетип келип бизге асылып, эркелеп кирсе болобу. Ошондо тааныдык биздин күчүктү. Чоңоюп бир топ эле өзгөрүп калыптыр. Кара итти чекесиндеги ак тегерек тагынан тааныдык. Арадан ушунча убакыт өтсө да бизди унутпаптыр тобо. Бири-бирибизди аябай сагынышып калыптырбыз, аябай эркелешип ойнодук. Анан акырын кожоюнуна билгизбей ээрчитип алып кеттик.
Кечинде баягы балдардын бардыгы чогулуп алып кайрадан ит менен ойной баштадык, мурункудай эле бири-бирибизди куушуп, эркелетишип. Күтүлбөгөн жерден Абдыкерим аксакал келип калып бизди "эмне алып кетесиңер?" деп урушуп, тилдеп, итти кайра алып кетти. "Ит биздики" десек, ого бетер урушуп, моюн бербей койду. Улуу киши болгондон кийин каяша айта алган жокпуз. Бардыгыбыз жалдырап эле туруп калдык. Ага "жолборс" деп ат коюп койгон болчубуз, тигилер өздөрү башкача ат коюп алышыптыр. Биздин оюбузча аны көчөдө жүргөнүн көрүп, жанына барып эркелесе ээси жок күчүк экен деп алып кетип калса керек. Бардыгыбыздын тең жүрөгүбүз аябай ачыша итти аянычтуу узата карап турдук. Ал дагы кыңшылап, бизди көздөй умтулуп, тигил Абдыкерим байке коё бербей ошол бойдон алып кетип калды.
Аны көпкө чейин көрбөй жүрдүк. Жайында чабандардын бардыгы жайлоого чыгат эмеспи. Биз дагы Кочкор өрөөнүнүн Комсомол совхозуна тийиштүү Каракол деген жайлоого чыкканбыз. Ал жакка тоонун аркы бетинен чүйлүктөр дагы келишчү.
Бир күнү бир чүйлүк чабандын баласынын тушоо кесүү тою болуп калып, кочкорлук менен чүйлүктөрдү чогултуп чоң той жасады. Улак тартыш, күрөш, эңиш баары болду.
Той соңуна чыгып келаткан, аңгыча эле бир аялдын катуу бакырган үнү чыгып калды. Эмне болуп кетти дегенсип бардыгыбыз кыйкырык чыккан жакка жалт карадык. Ошол кезде Каракол суусу күчүнө кирип, чүргүштөп ээ-жаа бербей, шаркылдап агып турган мезгили болчу. Алиги аял алты жашар баласын алдына өңөрүп алып суунун аркы өйүзүнө кечип өтүп баратканда аты кокусунан катуу мүдүрүлүп кетип (балким, ташка чалынгандыр?) алдыдагы ээрде отурган бала ыргып кетиптир. Албууттанган чоң суу баланы чыркыратып агызып алып жөнөптүр. Адегенде көпчүлүк эмне болуп кетти дегендей аялды жалдырай карап туруп калышты. "Уулумду алып калгыла, айланайындар, сууга агып баратат!" деп алиги аял катуу бакырганда гана бардыгыбыз эсибизге келип, атчаныбыз атчан, жөөбүз жөө бала агып бараткан жакты көздөй дүрбөп калдык. Суу ушунчалык коркунучтуу да, сурдүү да болчу. Эч кимиси сууга киргенге даай албай жатты. Эгерде сууга кирсе аларды да суу агызып кетиши мүмкүн болчу, ушунчалык жаалданып агып жаткан. Бардыгы айлалары кетип эле ызы-чуу түшүп калышты. Баланын денеси суудан бир көрүнүп, бир көрүнбөй кетип бара жатты.
Бир кезде эле күтүлбөгөн жерден бир кара ит сууга боюн таштап, суунун агымы менен өтө ылдамдыкта сүзүп жөнөп, дароо балага жетти дагы желкесинен тиштей жээкке алып чыгып келди. Баланын оозу-мурдунан суу кетип, араң дем алып жатты. Бир топтон кийин барып калыбына, эсине келди. Ошондон кийин гана алиги итке көңүлдөрүн бурушту. Ал ары жакта өзүнчө туруптур. Карай салсак, баягы биз багып чоңойткон мандайында тегерек ак тагы бар кара ит экен. Ал мени тааный бир сыйра эркелел алды. Баланын атасы аман алып калгандыгы үчүн деп Абдыкеримге ошол эле жерден элдин көзүнчө бир кой берди. Анан эртеси күнү эле түлө өткөрдү. Ал жакка мен да барып ит менен эркелешип ойнодум. Күчүк кезинен баккан бизди унутпаптыр. Аны көп жылга чейин сыртынан акмалап карап жүрдүм, жолукканда бири-бирибизге эркелешип калчубуз. Ошол кара ит биз бала кезде бир кишинин өмүрүн сактап калган болчу. Арадан көп жыл өткөндөн кийин айылга барганда ошондой маңдайында тегерек ак точкасы бар кара иттерди көрүп калчумун. Аларды көргөндө ошондон калган тукумдары болуш керек деп ойлоп койчумун.
С.Эгембердиев, Кочкор району
Булак: "Шамбала"