www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурат Суталинов сот залынан бошотулары менен "Азаттыктын" берген суроосуна Апрель окуясы үчүн элден кечирим сураган.

"Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мени көп кишилер колдоду. Көп кишилер кечиришти. Рахмат. Эми канча калса, туура жашашым керек. Мен жабыркагандардын энелеринен соттон да кечирим сурагам. Азыр да сурап жатам, моралдык күнөөмдү азыр да сезем. Бирок ошол трагедиялуу окуяны токтотконго күчүм жеткен эмес. Азыр да кечирим сурайм бүткүл кыргыз элимен", - деген Суталинов “Азаттыкка”.

Ошентип апрель окуясына быйыл 10 жылдын жүзү болду. Кандуу кагылыш менен мамлекеттик төңкөрүлүштө бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн каргашалуу оку болуп өттү. Ак үйдүн алды канга боёлуп өрткө чулгангандан кийин Ош окуясы болуп өттү. Бирок аянтт ант ичип келген УӨ курамы бири дагы отставкага кетпей беттерин безирейтип тактыдан түшпөй, Кадыржан Батыровду качырып жиберди.  Кыскасын айтканда Кыргызстан аксап барып араң бутка турду.  

Тилекке каршы аянтта ант ичип келгендер кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн келгени байкалып калды. Ошол эле электр энергиясы кымбаттады.

Баарынан кызыгы кан менен келген бийлик Кызыл-Омполдогу уран кенин казууга уруксаат бергендиги болуп чыкты. 2010 - жылы июнь айында кабыл алынган Конституция боюнча, ошол эле жылдын 16-октябрында парламенттик шайлоодон соң, КСДП фракциясы көпчүлүк коалицияны түзө албай калышат. Кызыл-Омпол уран кенинде кен издөө иштерин жүргүзүүгө 2011-жылы ошол кезде кен иштетүү тарабын жетектеген Алмазбек Атамбаевдин өкмөтүнүн мүчөсү министр Замирбек Эсенаманов тарабынан лицензия берилген. Мурдагы президент Атамбаев «жакшылыкка жамандык» кылып, 2012-жылы өкмөт башчысынан Бабановду кетирген. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2012-жылы сентябрда жаңы өкмөттү түзгөн. «Чу» дегенде эле чунуңдаган Чунуев чукул аранын ичинде кимдир бирөөлөргө таянып, текейден арзан 300 сомдук лицензияларга кол коюп бере баштаган. Ал тургай уран кенин казууда Роза Отунбаеванын салымы бар экени айтыла баштады.

Кыскасы УӨ кыңыр иштери көп, Дача-СУ, Ош окуясы, ошол эле апрель окуясы, уурдалган акчалар, уранга казганга уруксат бергендер жана башка, жана башка...

Андыктан камактан чыккан Муратбек Суталинов эмес, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү дагы “бизден дагы иттик көп кетти”, деп элден кечирим сурашы керек.

Же силерде күнөө жокпу ыя? --....Бир жолу чындыкка тике карап койсоңор жакшы болот беле?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости