www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уран сындуу радиоактивдүү заттардын адамдардын ден-соолугуна жана экологияга тийгизе турган кесепетин жакшы билесиздер. Совет доорунда иштетилген урандын калдыктарынан кутула албай жатып, жаӊы кендерди ачуу андан бетер коркунучтуу экени айпаса да түшүнүктүү. Ошондон улам, Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан Кыргызстанда радиоактивдүү заттарды иштетүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу демилгечилердин бири Алмамбет Шыкмаматов коомдук угуу жүрүшүндө билдирди.

Баяндамачы жакында эле коомчулукта Ысык-Көл облусуна караштуу Тоӊ районунун аймагындагы Кызыл-Омпол жергеснде жайгашкан уран кенин жабуу маселеси кызуу талкуу жарантканын белгиледи. “Жогорку Кеӊеш жакында эле өлкө аймагындагы уран кендерин иштетүүгө тыюу салуу боюнча токтом кабыл алды. Президент дагы, Өкмөт дагы өз пикирлерин жарыя айтты. Ошондон улам, ушул мыйзам долбоору иштелип чыгып отурат”, - деди ал.

Мыйзам долбоорунда анда өлкө аймагындагы мурда иштетилген радиоактивдүү заттардын калдыктары сакталган атайын жайларды да кайра иштетүүгө тыюу салынганы белгилүү болду. “Буга чейин уран кендерин чалгындоого, казууга, иштетүүгө 19 лицензия берилиптир. Мыйзам кабыл алынып калса, Өкмөт аларды жокко чыгарууга тийиш”, - деп, депутат иш-чара катышуучуларын мыйзам долбоорун талкуулоо жүрүмүнө жигердүү катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасында геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланыштуу иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, окумуштуулар менен эксперттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Канатбек Керезбеков.

 

Последние новости