www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанар Акаев мурда ким эле? Ал электрондук ЖМКлардын бириндеги жаагы жанган айтмакерлердин бири болчу. Эгерде ага АШАнын назары түшпөсө, мүмкүн, ал жерден айдалса, башка электрондук ЖМКга көчүп, пенсияга чыкканга чейин жаагы жанып жүрө бермек. Интеллектуалдык деңгээлдери, харизмалык сапаттары андан кыйла бийик айтмакер, жазмакерлер деле убагында таасирлүлөрдүн биринин назары түшпөгөндөн улам ЖМКларда жаактарын, калемдерин жанып жүрүп картайып кетип жатышпайбы.

АША адегенде аны түз эле маалымат катчысы кылып алса, анан КСДПнын тизмесинин эң алдыңкы орундарынын бирине киргизип, Жогорку Кеңешке депутат кылды. Бирок, анын задисинде бир нерсе барбы, ал шефин тез эле дүңүнөн сата жиберип, эркин саясатчы болуп кетти. Аны көргөн шефи "балашканын бир тыйынын короттурбай чоң саясатка алып келдим эле, жок дегенде мени тепкилебей коё турса болмок" деп эл алдында айтканы да эсибизде. Ошондон кийин АША аны таптакыр оозуна албай койгон. Анткени, "ашын ичип, анан анысына чычканы аз келгенсип, сындыра тээп кеткен" жаштар эч кимде деле жылуу сезимдерди жаратпайт. Өзү бутуна туруп, элге таанылган саясатчы болсо да бир жөн эле.

Мына ошол "аташкасынан" кеткенден бери "балашка" ага кошулуп, буга көз кысып, аркы жээкке секирип, берки жээктегилерге тийишип, өзүнчө эле күйпөлөктөнүп эле келатат. Мындан бир жылдай мурда ал өзүндөй "балашкалар" менен Кыргызстан либералдык-демократиялык партиясы деген уюм түздү эле, досторунан, кайын ини, балдыздарынан башка ага эч ким кирбегенден кийин, деми сууп, дайыны чыкпай калган. Ал "балыкчы балыкчыны алыстан көрөт" дегендей, жакында ары - бери секирүү жагынан дүйнө жүзүндө эч кимди алдына салбаган "Текешка" дегенге кошулуп, азыркы бийликтегилерге оппозицияда болгону жатыптыр.

"Текешка" деген ким? Ал кадимки жаңжалдан, ызы - чуулардан башы чыкпаган Өмүрбек Текебаев дегендин өзү. Ал да чоң саясаттагы жолун биринчи качкын президентгин эрке баласы болуудан баштап, атүгүл анын оозунан "кронпринцтик" наам алып, акыр аягында аны сатып, мурда Баш мыйзамды таардай токуп жүрсө, 2011-жылдан бери Жогорку Кеңеште өкмөт кулатканга адистешип, ошонун аркасы менен жан багып келаткан жаран. 1994-жылдан бери Баш мыйзам 9 жолу өзгөрүп, 29 өкмөт алмашса, алардын дээрлик бардыгында "Текешканын" изи, үлүшү бар. Бирок, Баш мыйзам өрмөктөй кайра - кайра өрүлгөндөн, өкмөт жыл сайын алмашкандан экономикабыз, элдин турмушу жакшырбады. Тескерисинче, андай башаламандыктар экономикабыздын өнүгүүсүнө, элдин турмушунун жакшыруусуна гана терс таасирин тийгизүүдө. Өмүрбек Чиркешовичтин "Балашкага" ыкласы түшкөндүгүнө караганда андан Кыргызстанга өзүндөй кыйраткыч таасир тийгизүүгө жарай турган татыктуу мураскорду көрсө керек.

Ө.Текебаев Жогорку Кеңешке депутат бобой калгандан бери парламентте аздыр-көптүр туруктуулук, ишкердүү маанай өкүм сүрө баштагандыгын көрүп жатабыз. Ашкере ызы - чуулардын элге кенедей да пайдасы жок, ал андай ызы - чууларды уюштургандыгы үчүн акы алып, ишенимдүү адамдарын чоң кызматтарга жайгаштыргандарга гана пайдалуу.

Мына эми "Текешка" өзүнө татыктуу "Балашкасы менен парламентке келип, аны кайрадан ызы - чуулардын, түгөнбөс жаңжалдардын аренасына айландырууну, андай жолдор менен байууну пландаштырууда. Бирок, "Текешка" өзүнүн мезгили эбак өткөндүгүн аңдап - сезип, ошого жараша иш кылса туура болмок.

"Балашка" өмүрүндө бир да күн өндүрүштө же өндүрүшкө түздөн түз катышы бар мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иштеген эмес. Айланасындагылар да ошондой ооздору менен орок оруп, кыялдары менен кызыл кырманды сапыргандар. Эми буудай менен арпанын, беде менен таруунун айырмасын биле албагандардын республикабыздын экономикасын кантип өнүктүрүү керектиги жөнүндө ар нерселерди жазышып, элге акыл үйрөтүп жатышканы - эгерде трагедиялуу болбосо күлкүнү келтирмек - дегендей, адамдарды оор кош сезимге тушуктурууда. Айтмакчы, парламенттеги айрым депутаттар башка өлкөлөрдүн мыйзамдарын көчүрүп алып жатышкандарын жакшы билесиздер. Ал аз келгенсип "Балашканын" балдарындай болуп, башка өлкөлөрдүн партияларынын аталыштарын гана эмес, программаларын да көчүрүп сунуш кыла беришкидей Кыргызстандыктар инкубациядагылардан беле?

Бирдей климаттагы, шарттагы инкубацияларга бирдей эрежелер, тартиптер туура келе бериши мүмкүн. Бирок, тарыхый өнүгүү өзгөчөлүгү, географиялык - климаттык шарттары, элинин менталитети, маданияты ж.б. башкача өлкөгө башка жактардан механикалык көчүрүлгөндөрдү сунуш кылып, киргизүү орду толгус кесепеттерге учуратарын биринчи качкын президенттин аспиранттары, докторанттары, лаборанттары менен биргеликте ишке ашырган эксперименттери ырастаган. Эгерде дагы бир андай эксперименттерге тушукпайлы десеңиздер баё "балашкалардан", кыйкырган "кызашкалардан" алыс болушуңуздар керек. Андай баёолукту "Балашканын": шайлоочулар либералдык-демократиялык партияга добуш беришсе эле, Кыргызстан Япониядай өнүгүп кетет дегени ырастап турат. Муну окуганда убагында биринчи качкын президенттин "батыштын жолуна түшсөк эле Швейцарияга айланып кетебиз" деген убадасын ээрчип кандай абалга тушукканыбызды, азырга чейин ал аңдап киргизген сормо саздан чыга албай келатканыбызды унутпайлы.

Булак: Майдан.kg

Последние новости