www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Бишкекте афроамерикалык Жордж Флойдду колдоо митингине бир киши келди. Активист Денис Горький атындагы эс алуу багына акцияга чыгып, өзүнүн жарандык позициясын билдирди.
“Мен бул жерге жеке адам катары келип, өз позициямды айттым. Бирок көрүп турганыңардай менден башка эч ким митингге келген жок. Мамлекет тарабынан зомбулук эч бир өлкөдө-Америкада дагы, Кыргызстанда дагы болбошу керек деп эспетейм”,- деди ал.
Болбой калган митингди үч милиция кызматкери көзөмөлдөп турган.
Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, уюштуруучулар коопсуздук жана провокацияга алдырып жибербөө үчүн митингди болтурбоону чечишкен.
Эске сала кетсек, 25-майда Миннеаполисте (АКШ) полиция кызматкери Дерек Шовин 46 жаштагы кара терилүү Жордж Флойдду колго алуу учурунда жерге жаткырып, 8 мүнөттөн ашык тизеси менен мойнун басып турган. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон. Ал эми окуяны күбөлөр видеотасмага тартып алышып, аны көргөн тургундардын арасында нааразычылыктардын, толкундоолордун келип чыгышына себеп болгон. Толкундоо Американын ондогон штаттарынан сырткары Улуу Британия, Франция жана башка өлкөлөргө да тараган.
Булак: NazarNews.kg