www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Балбак Зарлыкович, сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу мектептер жабылды. Бир кездеги мэр катары айтсаңыз, бул туура чечимби?
-- Туура эле. Бул пандемия эмес эле эпидемия болуп кетти. Эчак жабыш керек болчу, кечигип калдык. Бүт республикада мектептерди жабыш керек. Студенттер көтөрүп жүрө берет экен, окуучу балдарга кыйын болуп атпайбы. Ошон үчүн айла жок бала бакчалар менен мектептерди жаап атат. 14 күндүк цикл бар да, ошону үзүш керек.
-- Ооруканалар толуп чыгыптыр, бул көйгөйдү кантип чечебиз?
-- Оорукана салыш керек. Эл көп ооруганда оорукана жетпей каларын мурда эле билгенбиз да. Поликлиникалар иштеш керек, кеңеш берип, эмдөө жүргүзүш керек болчу. Саясат менен алышып жүрө бербей, үч-төрт ай мурун эмдөө зарыл эле. Өкмөт каякты карап жүргөн? Убагында вакцина алып келиш керек болчу. Алып келгенден кийин элге түшүндүрүп, эмдөө жүргүзсө, эл мынчалык жапырт оорумак эмес.
-- Эки жыл мурдагы пандемиядан улам акылыбызга кирип, тажрыйба жыйнагандай эле болдук да. Эмне үчүн кайра эле баягы көрүнүш кайталанып жатат?
-- Министрлер бат-бат алмашуусунун улам ушундай болууда. Антейин десек, уурдап атышат. Бирок, өкмөт бар да. Соцблокту тейлеген жетекчилер эмнени карап жүрдү? Караш керек эле да...
Булак: Азия News гезити