www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Фейсбук баракчасына  жаңы вице-премьер-министр болуп дайындалган Акрам Мадумаров тууралуу пикирин жарыялады.

"Урматтуу Достор.
Калайык.
Мен сиздерге жеткирүүм керек.
Антпесем адам болбой калам. Балким туура эместир. Кечиргиле.
Жыл 2006 анда мен Президенттин иш башкармачылыгында өндүрүш жана протокол бөлүм башчысымын.
Карамагыма айыл чарба өндүрүшү жана протоколдук иш чара кирет.
Көлдөгү 54 жылкы завод, шаардын четиндеги "Элита" мал чарбасы кирет.
Ала арча паркынын астындагы алма бак деги эле бүт Иш башкармачылыктын айыл чарбасы карайт. Бөлүмдө ушул тармакты тейлей турган адис таппай кыйналдым. Анан өзүм мурун окуп кеткен Айыл чарба институна кайрылдым.
Ректорат мага ушул жерде айыл чарба илимдеринин кандидаты. Баткендик өз ишине тың, патриот, билимдүү бала бар деп Мадумаров Акрамды жиберишкен.
Байкасам тырышчаак, билимдүү, кагазга тың алдыны көрө билген сапаттары бар кадр экен. Жумушка алдым. Эч кимиси жок. Өз эмгеги менен келе атат. Карапайым үй бүлөөдөн айылдан келген бала. Кимде кемчилик жок, ким жаңылбайт.

Негизгиси элге, өлкөгө кыянат кылбаса болду го. Тырышып иштеп атат. Тажрыйба топтолду. Мен өзүм, Ыссык Көлдөнмүн. Өмүрү, Аллах карап турат Акрамдын айылына барган эмесмин. Болгону ошол убакта адамдык сапаты, билимине карадым. Сабыр кылып көрүңүздөр. Рахмат.",-дейт Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп Акрам Мадумаров дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости