www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын чиновниги коронавирус карантинин аткарбагындыгы үчүн өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Dong-a Ilbo түндүк кореялык булактарына таянып билдирди.

Басылманын маалыматына ылайык, Түндүк Кореянын соода өкүлүн  Кытайдан келгенден кийин карантинге жөнөтүшкөн. Ал өзүнүн үйүндө 14 күн болуш керек болчу, бирок ал бул чечимди бузуп, коомдук мончого барган.

Dong-a Ilboнун булактарынын маалыматына караганда, бийликке бул кабар жеткенде, ал ошол замат кармалып, атып өлтүрүлгөн.

Ким Чен Ын карантинди бузган адамдарды согуш мыйзамдарына ылайык соттолот деп коркуткан. Дагы бир чиновник Кытайга барып келгенин жашыргандыгы үчүн түндүк-кореялык фермерге жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 31-январда Түндүк Корея Кытай менен чектешкен чек арасын жапкан. Коронавирус оорусунан улам өлкөдө авиарейстер, поезддер токтотулган. Ошондой эле, 22-январга чейин туристтерге кирүүгө тыюу салып, Россия менен поезд каттамдарын токтоткон.

7-февралда Түндүк Кореяда биринчи жолу коронавирус оорусу чыкканын ММКлар жазып чыккан. Бирок, өлкөнүн бийлиги бул маалыматты тастыктаган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости