www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бишкекте монорельстин «жолу» даяр», - дейт мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-декабрда өткөн маалымат жыйында айтты.
Анын айтымында, бул келечектеги долбоор, аны сөзсүз түрдө ишке ашыруу керек. Бишкекте монорельстин курулушу башка шаарларга караганда арзан болот.
«Түштүк Кореянын Сеул шаарында 27 км монорельсти 300 млн долларга курушту. Бизде эмне үчүн арзан болот? Бишкектин ортосунан Ала-Арча менен Аламүдүн суулары өтөт. Мына бул даяр «жол». Бизге жаңы жол салуунун кереги жок.
Ошол суулардын ортосуна бетонду өйдө карай куюп туруп, монорельсти үстүнө куруп кетебиз. Сен эч нерсени казбайсың, эч кимден тилке сатып албайсың. Бир гана системаны, анан монорельсти коюп коюшубуз керек.
Кээ бири айтып жатат: «Балбактын фантазиясы» деп. Эгер сенин башың жетпесе, үйдө отура бербейсиңби, чайыңды кайнатып... Эмне кыласың, кийлигишип?», - деди Түлөбаев.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg