www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу соттук ишти карап жатат.

Сот айыпталуучулардын өздүгүн тактоого киришти.

Белгилей кетсек, президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов айыптоо актысын алгандыгын билдирди. 

«Мен бир нече кагаздарды алгам. Бул фантазия, жомок сыяктуу», – деди ал.

Сот 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча башка айыпталуучулардын анкеталык маалыматтарын аныктады.

Эскерте кетсек, буга чейин сот мыйзамсыз баюу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча кылмыш иштерин бириктирген. Бул иш Субихи Пархатиге байланыштуу. 2017-жылы, тергөөнүн версиясы боюнча, Алмазбек Атамбаев «Форум» ЖЧКсын сатканы үчүн андан 54 миллион сом алган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости