www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишкер Балбак Түлөбаевге Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчылыгы сунушталды. Өз милдетине жаңы киришип жаткан мэр Азиз Суракматов өз аппаратына башчылыкка Б.Түлөбаевди сунуштады. Балбак Түлөбаев буга чейин “Аю холдинг” компаниясынын вице-президенти кызматында иштеп келген. Шаар мэрин шайлоо учурунда Азиз Суракматовду катуу колдогон. Анын сунушталган кызматка бараар-барбасы азырынча белгисиз.

Азиз Суракматов буга чейин Бишкек шаарынын мэрлигине бизнес кландардын кызыкчылыгын аткаруу үчүн жылдырылып жатканы болжолдонуп, жарандык коомдун катуу каршылыгына тушуккан. Анын мэр болуп келиши Бишкек шаары үчүн кооптуу экендиги, ансыз да таланып-тонолуп бараткан калаа Суракматовдун колу аркылуу дагы да бүлгүнгө учуроо коркунучунда экендиги айтылган. Бирок, мамлекеттик бийлик да, жергиликтүү депутаттар да бул каршылыкты капарына алган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости