www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-августта, “Северэлектро” ААКнын Бишкек шаары боюнча электр энергия сатуу кызматынын адистери Чыгыш райондук электр тармактарынын электр куроочулары менен биргеликте Маевка айылындагы Теңдик конушу тараптагы 60 чукул үй курулуштардын электр энергиясын өчүрүштү.

Аталган тургундардын электр камсыздоого тиешелүү документтери жок болгондуктан, электр энергия тартыла элек болчу. Бирок, бул жердин жашоочулары бул маселени башкача чечишкен: алар мыйзамсыз түрдө “Северэлектро” ААКнын тармактарына кошулуп, эсеп-кысапсыз электр энергияны керектешкен. Мындан сырткары, тургундар аба электр чубалгыларынын тирөөчтөрүнүн ордуна техникалык талаптарга жооп бербеген, жыгач-таякчаларын орнотуп коюшкан. Мындай түркүк тургундардын өздөрүнө жашоосуна да коркунуч жаратат. Дагы бир кооптуу жагдайды жаратуучу нерсе – бул үйлөрдун жанынан жогорку вольттогу аба электр чубалгысынын тартылышы. Жогорку вольттогу аба чубалгылары чыңалуунун чоңдугуна байланыштуу электр чубалгыдан эки тарапка тең 2 ден 10 метрге чейин коргоо тилкесине ээ.

Учурда, электр энергия сатуу кызматынын адистери тарабынан  бузуулар боюнча акт түзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Терең урматтоо менен, 

"Түндүк электр" ААК басма сөз кызматы

Последние новости