www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыр-чыр менен Бишкектин мэри болуп шайланган Азиз Суракматов кызматка киришкен соң жаңы дайындоолор менен алек болду. Баш калаанын мэриясынын аппарат жетекчилигине "Аю Холдинг" ишканасынын вице-президенти болуп иштеп келген Балбак Түлөбаев дайындалды.

Ал эми жер мыйзамын бузууга байланыштуу шектүү катары УКМКнын тергөө абагына камакка алынган буга чейинки биринчи вице-мэр Ренат Макеновдун ордуна Алмаз Бакетаев барды. Бакетаев буга чейин финансы министринин орун басары, борбордук казыналыктын башчысы болуп эмгектенип келген.

Ошондой эле дагы бир вице-мэр Эркин Исаков кызматынан бошотулуп, ордуна "Тазалык" муниципалдык мекемесинин дирекгору Рысбек Сарпашев дайындалды. Ал "Тазалык" муниципалдык мекеменин директору болуп 2014-жылы июлда дайындалган.

Булак: Фабула

Последние новости