www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Султанов сагызгандан сакпы?

Саясатка «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин арты менен аралашып, Жогорку Кеңешке депутат, кийин министр болгон Калыкбек Султанов деген «Авангард-Стиль» курулуш компаниясынын жетекчиси бар. Бакиевдер бийликтен кеткенден кийин, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда доорду сүрдү.

Айтмакчы, Атамбаев менен Текебаевдин мамилеси бузулуп, тиреш башталганда «Ата Мекенди» таштап, КСДПнын короосуна кире качкан. Экс-президенттин колтугунан жылуу орун таап, бизнесин гүлдөттү.

Учурда Европада жүргөнү кеп болуп жатат. Кыргызстандан оолак жүргөнүнүн себеби транспорт министри болуп тургандагы былыктары  үчүн жооп берип калуудан сактанып жатыптыр.

Сыягы, бийликтин тилин таба албай бушайман болуп жаткандай. Анын үстүнө жакында Жогорку Кеңештин депутаттары түндүк-түштүк жолун текшергени жаткандыктан кылмыш иши козголо электе, "сактыкка кордук жок" деп чет өлкөгө чыгып кетсе керек...

Булак: Фабула
 

Последние новости