www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улан Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин атайын өкүлдөрү маалымат жыйын куруп, айтып беришти. Алар журналисттин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкканын, анда киши колдуу болбогону, кырсыктап каза болгону тастыкталганын билдиришти.

Кылмыш иши КР КЖКнын 258-беренеси менен козголуп, “Акун” пансионатынын административдик кызматкерлерине карата тергөө жүргүзүлөт. Куткаруучуларга карата укуктук баа берилет. Пансионатта 4 куткаруучу болгон, үчөөсү эс алып, бирөөсү жумушта болгон, бирок өз учурунда тиешелүү жардам беришкен эмес. Пансионаттын кожоюну Чыныбай Турсунбековго карата кылмыш иши козголгон эмес, анын бул окуяга тиешеси жок деп чечишкен.

Тергөөнүн маалыматында, кырсык болгон күндөрү Улан Эгизбаевге карата физикалык түрдө же телефон аркылуу кандайдыр бир коркутуулар болгон эмес. Тергөө бул боюнча тиешелүү адамдарды сурап чыккан.

Эгизбаевге карата коркутуулар боюнча өзүнчө текшерүүлөр жүргүзүлүдө. Ага жөнөтүлгөн бош конверттин фигуранттары аныкталды. Журналистке коркуткан телефон чалуулар болгону да текшерилүүдө. Буларды Бишкек шаарынын тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости