www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрдин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэри болууга ниети жок экенин бүгүн, 29-октябрда берген маегинде айтты.

Ал Ысык-Көлдөгү жумушун таштап, борборго башка кызмат үчүн келгендигин кошумчалады.

«Садыр Нургожоевич өзүнүн кичи мекенине келгенде сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бишкекке келгенде мени өзүнө чакырып: “3 ай мэрдин милдетин аткаруучу болуп тур. Жаңы мэр шайлангандан кийин эмне кылсаң өзүң чечесиң” деди. Мен макул болдум», – деди ал.Түлөбаев бул кызматта 3-4 ай гана иштерин айтты.

«Мен мэр кызматына барбайм. Жаңы шаардык кеңеш келип, жаңы мэрди шайлашат», – деп кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости