www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Атада түнкү клубдар жана кальян-барлар жабылат.Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев билдиргенин президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барган. Жээнбеков жергиликтүү бийликти Ысык-Көл районунда, анын ичинде Чолпон-Ата шаарында вирустун жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүгө чакырган.

"Түлөбаев Ысык-Көл облусундагы эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктургандардын саны азайып жатканын белгиледи. Анын айтымында, Чолпон-Атада түнкү клубдар жана кальян-барлар жабылат. Ошондой эле ал пансионат ээлерине коопсуздук алгоритмин сактоо өтүнүчү менен кайрылганын, эгер эрежелер аткарылбай, тартип сакталбаса, пансионаттар да жабыларын эскерткенин айтты", — деп айтылат маалыматта.

Балбак Түлөбаев бүгүнкү күндө аталган аймакта медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү экенин билдирип, Саламаттык сактоо министрлиги жардамга дарыгерлерди жибергенин кошумчалаган. Ал ыктыярчылар менен меценаттар да көмөк көрсөтүп жатканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости