www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жактоочу Бактыбек Жумашев КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Башкы прокуратурага арыз менен кайрылууга даярданууда.
Анын айтымында, Улукбек Кочкоров Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн мурдагы директору Эркингүл Абдылдаеваны мыйзамсыз кызматтан алган. Бирок Абдылдаева сотко кайрылып, Жогорку сотто дагы мыйзамсыз кызматтан алынганын далилдеп утуп алган. Бирок министр Улукбек Кочкоров Абдылдаеваны кайра кызматына койбой жатат.
“Министрликтен мага алгылыктуу жооп бербей жатышат. Абдылдаеваны кызматка кайрадан коюп, албаган айлык акысын төлөп бериши керек. Соттор Абдылдаева мыйзамсыз кызматтан алынганы боюнча чечим чыгарган. Министр Улукбек Кочкоров соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек”, -деп билдирген жактоочу 24.kg маалымат агенттигине.
Булак: NazarNews.kg