www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Италияда 96 жаштагы Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Жузеппе Патерно жогорку окуу жайды бүтүрүп, диплом алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бир нече күн мурун Патерно Палермо университетинин акыркы бүтүрүү сынактарын тапшырып, диплом алган.
Университеттин социология илимдеринин профессору Франческа Риццуто ардагерди "жаш студенттер үчүн үлгү" деген.
"Мен азыр же эч качан деп айттым. Ошентип, 2017-жылы окууга тапшырдым. Бир аз кеч болгонун билем, бирок бул нерсе колумдан келеби көрөйүн дедим", - дейт Жузеппе Патерно.
Жузеппе Патерно Сицилияда кедей үй-бүлөдө туулган. Ал аскер дениз флотунда моряк болуп, Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан. Мындан сырткары дипломдук ишин 80-жылдардагы жазуу машинасына жазган.
Булак: NazarNews.kg