www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейрут портундагы күчтүү жарылуудан каза болгондордун саны 78 кишиге жетип, төрт миңден ашуун адам жаракат алды, - деп билдирди Аль-Жазира телеканалы Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип.

Ошол эле учурда Ливан бийлиги курман болгондордун саны көбөйөт деп жатышат, анткени көптөгөн адамдар дайынсыз жоголгон деп табылып, кулаган имараттардын урандыларынан сөөктөр табылууда.

Шейшемби күнү (4-август) кечинде Бейруттун порттук аймагында күчтүү жарылуу болду. Шаардагы имараттарынын жарымы бузулуп, ооруканалар жаракат алгандарга толуп кетти.

Ливандын премьер-министри Хасан Дияб портто алты жыл ичинде 2750 тонна аммиак селитрасын талаптагыдай сактабагандыктан жарылуу келип чыкканын айтты.

Ливандагы трагедияга байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Президент Мишель Аун өкмөттөн эки жумага өзгөчө кырдаал жарыялоо үчүн шашылыш жыйынга чогулушун өтүндү.

Последствия взрыва в Бейруте

Булак: NazarNews.kg

Последние новости