www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында банкрот болгон ишканалар боюнча автоматташтырылган система ишке кирет. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.
Учурда министрликтин алдындагы банкроттук иштер боюнча департамент банкроттор тууралуу автоматташтырылган система менен сайтты тесттик режимде иштетип жатат.
Системанын негизги максаты – банкрот ишканалар боюнча кагаз түрүндө маалымдама сурап-билүүлөрдү жокко чыгаруу болуп эсептелет.
"Мисалы, мамлекеттик сатып алуулардын порталындагы тендерлерге катышуу үчүн ишканадан банкрот же банкрот эместиги тууралуу маалым кат керек. Мурда аны Юстиция министрлигинен, соттордон жана башка мекемелер аркылуу алыш керек эле. Эми бардык маалымат бир жерге чогулат", — деп айтылат маалыматта.
Ал аркылуу бардык кызыккан тараптар тигил же бул ишкана тууралуу кабар алса болот.
Булак: NazarNews.kg