www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокенин доорунда Балбак Түлөбаев Бишкек мэрлигине аппарат башчы, Ысык-Көл облусуна губернатор болуп аз убакыт иштеди.
Садыр Жапаров бийликке келгени Бишкек мэрлигинин милдетин аткарууга да жетишти. Орто жерден семирип кетип, арыктоо үчүн дарыланууга кеткен. «Май кармаган бармагын жалайт» дегендей.
Ошентип, бир топ убакыт Балбак мырза ишсиз жүрүп, «Альянс» менен парламенттик шайлоого аттанып, бирок жетиштүү добуш ала албады. Баса, бул партия саясый оюн кылып жатып, бийликке да жакпай калганын байкадык.
Баарын анализдеп отурган Балбак Түлөбаев акыркы күндөрү кубулма өнөрүнө салып, президент Садыр Жапаровдун ишмердигин алкоого алган постторун Фейсбукка жаза баштады. Колдоп, сүрөп, жагалданып.
Сыягы, өзүн эстетип, кошомат кылуу менен «майлуу» кызматты эңсеп калган го? Бир кезде Курманбек Бакиевдин тилин тапкан амалдуу жигит эле...
Булак: Азия News гезити