www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- 2010-жылдагы Июнь коогалаңы боюнча кылмыш иштери кайрадан көтөрүлүп, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чекесинен сурак берип жатканы белгилүү. Бул иштин аягы кандай бүтүшү мүмкүн?
- Июнь коогалаңы-бул 2010-жылдагы Апрель окуясынын уландысы. Канча жылдан бери биз айтып келе жатабыз, ар кандай кызыкчылыктар үчүн бир топ саясатчылар элди алдап, өз мүдөөлөрүн пайдаланып, бийликти басып алып, кийин Июнь окуясында жаңжал чыгарышып, бирок мыйзам астында жооп берише элек. Бизде бир да эркин саясый партия жок.
«Парламентаризмди өнүктүрөбүз» деп бүткүл дүйнөнү алдаган бийликти гана көрүп жатабыз. Алар элге, коомго керектүү программаны тартуулап, аны иш жүзүнө ашырышкан жок. Мыйзамсыз жана жакырчылык жашоону алып келишти. Кыргызстанда көз карандысыз сот орной элек.
Июнь окуясына тийешелүү саясатчыларды жоопко тартып, адилеттүү сот иштеши керек. Ошондо гана биз өнүтөбүз.
Булак: Азия News гезити