www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык мэринин аппарат башчысы Балбак Түлөбаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Гуля Алманбетова тууралуу пикирин жазып чыкты.

"Гуля Алманбетованы кечирип койгулачы. Актанбайм. Мени деле сөккөн. Айкөл эл эмеспизби. Ага азыр өтө оор болуп атат. Адамдык ахыбалы. Эки оору бир келсе ажалыңын жеткени дейт. Ага өтө оор болуп атат. Четинен ооруганы ооруп чогулуштан талып жыгылып атабыз. Актанбайм, доомат да койбойм. Суранам, кечирип койгулачы. Кийин териштирип алабыз. Азыр элдин оор жүгүн аркалайлы. Элди багалы. Мындайды көргөн эмеспиз. Нерв чыдабай кетип атат. Өзү деле кыйналып бармагын тиштеп жүрөт. Мен тогуз бир тууганмын. Ал да көп балалуу үй бүлөөдөн. Кетти андан бир катачылык. Бирок боорукер жан. Баардык энелерден, көп балалуу үй бүлөөлөрдөн кечирим сурайбыз. Бийиктик силерде болсун", - деп Балбак Түлөбаев жазган.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетова өзүнүн соц.тармагына:“Мен көп балалуу үй-бүлөлөрдү, жек көрөм” - деп жазып катуу талкуу түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости